Айзаданын өлүмү: Апасы Садыр Жапаровго кайрылды

Айзаданын өлүмү: Апасы Садыр Жапаровго кайрылды

Адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова президент Садыр Жапаровго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, УКМКнын башчысы Камчыбек ташиевге кайрылды.

Анын айтымында, Айзада уурдалып өлтүрүлгөнүнө бир жылдан ашып калды. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин эч ким жазалана элек.

Буга чейин Садыр Жапаров бул ишти жеке көзөмөлүнө алам дап айткан. Ошол сөзүңөргө туруп, аягына чейип чыгарып бергиле. Милиция кызматкерлери өздөрүнө тийиштүү иштерди дагы жасашкан жок. Ошон үчүн алар дагы жоопко тартылып, жазасын алсын. Буга чейин кызматынан кеткен милиционерлер кайра эле иштеп жатышыптыр. Мага адилеттүүлүк керек”, — дейт Назгүл Шакенова.

2021-жылдын 5-апрелинде Бишкекте Айзаданы бир нече адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада, автоунаадан табылган. Тергөөнүн версиясы боюнча Теңизбаев кызды үйлөнүү максатында уурдаган. Айзада макул болбой койгону үчүн муунтуп өлтүрүп, зордуктап, андан кийин өз жанын кыйганы айтылган.

Айзаданы уурдап кеткенден кийин интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма жакын жердеги кафелердин биринде видеокөзөмөлгө жазылып калган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>