Айзада Канатбекованы уурдоого шектелип 1989-жылы туулган З.Р. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тиешелүү тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө калган шектүүлөрдү кармоо иштери улантылууда.
- 5-апрелде Бишкекте бир топ жигит күч колдонуп Айзаданын машинасына салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.
- 7-апрелде Аламүдүн районундагы талаадан койчу эркек кишинин жана аялдын денесин (Айзад) унаанын ичинен табышкан.
- Кечээ, ала качууга шектелгендердин бири колго түшкөн.