7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
Экинчи адамдын сөөгү Ак-Буура дарыясынан табылды
15.07.2024 | 12:01
Кечээ селде агып кеткен аялдын сөөгү Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Учурда жарандын өздүгүн тактоо иши жүрүүдө.
Белгилей кетсек, Төлөйкөн айылындагы “Мөл-Булак” эс алуу борборунда 4 адамды сел агызып кеткен. Алар: 1980-жылы туулган Д. Н. аттуу аял, анын кыздары — 2005-жылы туулган М., 2014-жылы туулган М., 2018-жылы туулган С.
Түнү 7 жашар кыздын сөөгү Өзбекстандан табылды.
Оштогу сел: Бир кишини унаа тебелеп кетти, төрт адам дайынсыз болууда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом