Ысык-Көл облусунда жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн сейрек түрлөрүн коргоого багытталган «Ак илбирс» экологиялык коридору түзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган коридор жалпы аянты 792 миң гектардан ашкан «Хан-Теңири» жаратылыш паркын, Сарычат-Ээрташ жана Нарын коруктары менен бирге бир нече корголуучу жаратылыш объекттерин бириктирет.
Коридор популяцияларды сактоо жана экосистемаларды, анын ичинде сейрек кездешкен түрлөдү коргоо максатында түзүлгөн.
Коридордун аймагында өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды интродукциялоо, уу химикаттарды пайдалануу, радиоактивдүү калдыктарды көмүү сыяктуу экосистемага терс таасирин тийгизе турган ар кандай аракеттерди кылууга катуу чектөөлөр киргизилген. Ошону менен бирге жапайы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган илимий изилдөөлөргө, мыйзамга ылайык токойду пайдаланууга, токой өсүмдүктөрүн отургузууга жана жаныбарлардын айрым түрлөрүнүн санын жөнгө салуу иш-чараларына уруксат берилген.