Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Ак-Кула ипподромунун 45,73 гектар жер тилкеси аукционго коюлду
03.04.2024 | 10:41
Бишкек шаарынын мэриясы эски Ак-Кула ипподромунун жалпы аянты 45,73 гектар жер тилкесин аукционго койду. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
Анын баасы 8 миллиард 731 миллион 917 миңге бааланды.
Электрондук аукционго катышуу үчүн катышуучу жарыяланган сатуунун баштапкы суммасынан 10 пайыз өлчөмүндө кепилдик төлөмдү төлөшү керек.
Белгилей кетсек, Министерлер кабинети ат майдандын ордуна бизнес борбор курмакчы.
“Ак кула” 1947-жылы курулган. Ал 1998-жылы менчикке сатылып, 2018-жылы кайра мамлекетке кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика