Депутат: Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси “Дөө Чыңгыздын” тобунан

Депутат: Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси “Дөө Чыңгыздын” тобунан

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Ринат Мавлянбай уулу кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун тобунда жүргөн. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.

Ал министр криминалдык чөйрө менен байланышы тыгыз экенин белгилейт.

“Аны “кара хирург” десем мени сотко берип жатат. Бүгүн айткандарымдан кийин кааласа Гаага сотуна кайрылсын”, — дейт эл өкүлү.

Анын айтымында, медициналык академия менен №47 колониянын ортосунда келишим жок.

“Бийликтин командасынан саткындар чыгат. Бейшеналиев ошол саткындардан. Бул киши жумушка келгенден бери президентти жаман көрсөтүп жатат. Криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүн үйүнө бекитип, доллар алып, операция жасап жүргөн”, — дейт Жусупбек Коргонбай уулу.

Депутаттын маалыматында, министрдин кеңешчиси Ринат Мавлянбай уулу  Чыңгыз Жумагуловдун тобунда жүргөн жана учурда кримчөйрөнүн тапшырмаларын аткарып турат.

“Ал өзү бир күн мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Кесиби боюнча зубтех. Азыр министрликте кадр маселесин чечип олтурат. Мамазаир Момунов деген кримчөйрөнүн адамы бар. Ошол киши аркылуу түрмөдөгүлөр Ринатка чыгып, судмедэкспертизага байланыштуу иштерин бүтүрүп жүрүшөт. Ким билет Батукаев сыяктуу канча кылмышкерлер абактан чыгып кетти”, — дейт ал.

Депутаттын айтымында, Ринат Мавлянбай уулу  медициналык мекемелердин жетекчилерин дайындоодо акча талап кылып турат.

“Кардиология институтунун директорунун орун басары Бекболот  уулу Нурболоттон 50 миң доллар талап кылынган. Ал бере албастыгын айткандан кийин акчаны 20 миң долларга түшүргөн. Ал акчаны дагы бере албагандан кийин аны жумуштан кетирген”, — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>