Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Ак-Ордо конушунда 110 миң сом уурдоого шектүү кармалды
05.11.2025 | 14:26

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 28-октябрь күнү саат 11 чамасында Ак-Ордо жаңы конушундагы үйдөн 110 миң сом уурдалган.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») боюнча каттоого алынды.
Милиция кызматкерлери шектүү катары 1981-жылы туулган А.Т. аттуу жаранды кармашкан. Ленин райондук соту аны электрондук билерик тагуу шарты менен үй камагына чыгарган.