Ак-Сууда баңгизатка каршы жөө жүрүш өттү

Ак-Сууда баңгизатка каршы жөө жүрүш өттү

Ак-Суу районундагы Ак-Суу айылынын борбордук көчөлөрүндө, Ысык-Көл ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана райондук орто мектептердин окуучулары менен биргеликте жөө жүрүш менен өттү.

Облустук милициянын маалыматына караганда, мындай иш-чаранын максаты – учурдагы актуалдуу баңгизат маселесине каршы коомчулукту маалымдоо жана жаштарды сергек жашоо образын тандап, өз келечегин жаркын кылууга чакыруу.

Жөө жүрүштө катышуучулар баңгизаттарга каршы күрөшүүнүн маанисин көрсөтүү үчүн атайын плакаттар жана банерлер менен чыгып, коомчулукка билдирүү жасашты. Андан соң, милиция кызматкерлери мектеп окуучулары үчүн интерактивдүү оюндар менен коштолгон семинар-лекция өткөрүштү. Лекцияда өлкөнүн көрүнүктүү инсандары жана дүйнөлүк спорт медалдарынын өкүлдөрүнүн мисалдары келтирилип, жаштарды баңгизаттарды колдонбоого жана сергек жашоого үндөдү.

Окуучулар өз кезегинде, билим алууга жана жаркын келечекке умтулууга болгон каалоосун билдирип, баңгизаттарды колдонуу азыркы заман үчүн тренд эмес экендигин белгилешти. Алар бул иш-чарадан көп маалымат алып, ар дайым өз келечегин таза жана ден-соолукка пайдалуу жолдор менен кура тургандыктарын билдиришти.

Ысык-көл ОИИБи мындай иш-чаралардын маңызы жаштар арасында баңгизаттарга каршы күрөшүүнүн маанисин түшүндүрүү жана алардын сергек жашоо стилине чакыруу экенин белгилешти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>