Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалды

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда көп убакыттан бери аялына зордук-зомбулук көрсөтүп келген киши кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Ушул жылдын 25-ноябрында милицияга аталган райондун 33 жаштагы тургуну И.А. арыз менен кайрылып, анда 38 жаштагы жолдошу И.Э. тарабынан көп убакыттан бери зордук-зомбулука кабылып келгенин билдирген.
Кайрылган аял көрсөтмө берип, жолдошу менен 2010-жылы турмуш куруп, төрт баласы бар экенин билдирген. Жолдошу аны көп жолу эч себепсиз уруп-сабап, ыплас сөздөр менен кордогонун айткан. Ушул жылдын 3-март күнү күйөөсү ага дагы кол көтөрүп, сабагандан кийин аял Ак-Суу райондук ооруканасына кайрылган. Анда ал жаш балдарын ойлоп, жыгылып кеткем деп айтып койгонун билдирген. Ооруканадан кийин дагы үч ай өткөн соң кайрадан уруп-сабап, мойнунан муунтканын көрсөткөн.
Август айында аял ажырашуу чечимин кабыл алып, балдарын алып, ата-энесинин үйүнө кеткен. Ошондой эле 20-ноябрында Ак-Суу райондук сотуна ажырашуу боюнча жарандык арыз менен кайрылган. Бирок жолдошу орой мамилесин токтотпой, уюлдук байланыш аркылуу коркутуп, сөгүп, И.Анын абройуна шек келтирген видео тасмаларды жөнөткөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө И.Ага дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыгып, алган жаракаты “анча оор эмес дене жаракаты” деп аныкталган.
Жогорудагы фактылар боюнча, 5-декабрда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү» беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кылмыш иши козголгон.
Бүгүн, 6-декабрда, аталган жаран И.Э. шектүү катары сурака алынып, андан кийин камакка алынды.