7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
«Ак-Жол» пункту убактылуу жабылды
30.03.2023 | 09:24
Бүгүн, 30-марттта саат 08:00дөн 12:00гө чейин «Акжол» чек ара бекети аркылуу адамдардын, транспорт каражаттарынын жана жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, чектөө киргизүүнүн себеби, өткөрүү пунктунда оңдоо иштери жүргүзүлөт.
“Жарандарды жана айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландаштырууга чакырабыз”, – деп айтылат маалыматта.
Чек ара кызматы зарыл болгон учурда жарандар жана айдоочулар Чүй облусунун аймагындагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу, «Чалдыбар-автодорожный», «Ак-Тилек», «Токмок-автодорожный», «Кең-Булуң-автодорожный» пунктары аркылуу өтүүнү сунуштайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом