Акаевге экс-президент макамын кайтаруу маселеси: Комитет чечим чыгарды

Акаевге экс-президент макамын кайтаруу маселеси: Комитет чечим чыгарды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети мурдагы президент Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтаруу маселесин кароо үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу өтүнүчүн четке какты.

Акаевдин арызы комитеттин бүгүн, 24-сентябрындагы жыйынында каралды. Комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова билдиргендей, Акаев катында депутаттык комиссия түзүп, Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдагы аны экс-президент макамынан ажыраткан декретин жокко чыгарып, «экс» макамын кайтарууну өтүнгөн.

Комитет арызды карып чыгып, Акаевдин депутаттык комиссия түзүү өтүнүчүн четке кагуу тууралуу чечим кабыл алган. Бул чечимди комитеттин көпчүлүк мүчөлөрү колдоду.

Эми аталган маселе жана Акаевдин арызы Жогорку Кеңештин жыйынында каралат.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдар аралыгында башкарган. Ал 2005-жылы 24-марттагы төңкөрүштөн кийин бийликтен кулатылган. Акаев өлкөдөн качып, Москвага кеткен. Кийинчерээк кызматын тапшырган.

Арадан 16 жыл өткөңдөн кийин 2021-жылы Акаев Кыргызстанга кайтып келген. Ал Кыргызстанга «Кумтөр» иши боюнча сурак бериш үчүн келгени жана тергөө менен келишим түзгөнү кабарланган. 2021-жылдан кийин Акаев Кыргызстанга бир нече ирет келип кеткен.

2023-жылдын башында Башкы прокуратура Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иш жоопко тартуу мөөнөтү өткөндүктөн жабылганын билдирген.

Акаев россиялык басылмаларга курган маектеринин биринде пенсияга чыккандан кийин Кыргызстанга кайтып келүүнү пландап жатканын билдирген.

Быйыл 5-сентябрда Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кат жолдогону белгилүү болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>