Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши жабылды

Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши жабылды

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иши кыскартылып, жабылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кумтөр кенин иштетүү боюнча ачылган кылмыш иштин алкагында, Акаевге 1992-жылдагы «Камеко» компаниясы менен башкы келишимди түзүү жана 2003-жылдагы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча шалаакылык, бийликти же кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга катышууга айып тагылган.

Белгилүү болгондой, кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу Аскар Акаевге карата иш кыскартылган.

Эскерте кетсек, Аскар Акаев 2005-жылы март айында өлкөдөн чыгып кеткенден кийин 2021-жылы август айында өлкөгө келген.

Ал Кыргызстанга «Кумтөр» кени боюнча сурак бериш үчүн келгени жана тергөө менен келишим түзгөнү белгилүү болгон. 2021-жылдан кийин Акаев Кыргызстанга бир нече ирет келип кетти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>