Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Акча алмаштыруучу жайдан 50 миң $ уурдап кеткен шектүү кармалды
19.04.2025 | 11:08
Милиция кызматкерлери тоноочулукка шектелген жаранды кармашканын Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
8-апрелде акча алмаштыруучу жайдын кызматкери милицияга кайрылган. Ал иш учурунда белгисиз адам аны башына таяк менен уруп, 50 миң доллар уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты боюнча РИИБлин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган Я.И. кармалып, ал борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал милиция кызматкерлерине мурда уурдалган акчаларды берип, ал далил катары кылмыш ишине кошулган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар