Аким, мэрлер психологиялык тесттен өттү. Жыйынтыгы ачыкталбайт

Аким, мэрлер психологиялык тесттен өттү. Жыйынтыгы ачыкталбайт

Кыргызстанда 85 аким жана шаар мэрлери, 235 айыл өкмөтү психологиялык тесттен өттү. Бул тууралуу маалымат жыйында мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев билдирди.

Аткаминерлердин мүнөзү, психологиялык абалы инновациялык психоаныктоочу «Мультипсихометр» аппараты аркылуу текшерилген.

Аны менен жетекчилик кызматка ылайык келери,  психологиялык туруктуулугу жана жамааттагы конфликттерге чыдамдуулугу бааланган.

Агенттиктин Reporter.kg’ге билдирүүсүндө, тесттин жыйынтыгы купуя сыр болгондуктан канча жана кайсы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин андан өтпөй калгандыгы айтылбайт.

«Бул пилоттук иш чара болчу, андыктан улантылабы жокпу билбейбиз. Президенттик администрация буйрук берсе дагы жүргүзүлүшү мүмкүн», — дейт мекеме.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>