АКШ 1-августтан тарта казакстандык товарларга 25%дык бажы төлөмүн киргизди

АКШ 1-августтан тарта казакстандык товарларга 25%дык бажы төлөмүн киргизди

Дональд Трамп 7-июлда Вашингтон 2025-жылдын 1-августунан тартып Казакстандан келген бардык товарларга 25 пайыздык бажы төлөмү киргизилерин билдирип, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кат жөнөткөн. Бул тууралуу Tengrinews.kz маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, Трамп каттын текстин Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жарыялаган.

«Бул катты сизге жөнөтүү  мен үчүн чоң урмат, анткени ал биздин соода алакаларыбыздын бекемдигин жана АКШ Казакстан менен иштөөнү улантууга даяр экенин көрсөтөт. Бул чечим сиздин улуу өлкөңүз менен болгон олуттуу соода дефицитине карабастан кабыл алынды», — деп жазылган катта.

Трамп Казакстандан тышкары дагы 13 өлкөгө бажы төлөмү киргизилгени тууралуу кат жолдогон. Ага төмөнкү өлкөлөр кирген:

  • Япония — 25 пайыз,
  • Түштүк Корея — 25 пайыз,
  • Түштүк Африка — 30 пайыз,
  • Казакстан — 25 пайыз,
  • Лаос — 40 пайыз,
  • Малайзия — 25 пайыз,
  • Мьянма — 40 пайыз,
  • Тунис — 25 пайыз,
  • Босния жана Герцеговина — 30 пайыз,
  • Индонезия — 32 пайыз,
  • Бангладеш — 35 пайыз,
  • Сербия — 35 пайыз,
  • Камбоджа — 36 пайыз,
  • Таиланд — 36 пайыз.

«Трамп бул чечимди расмий өкүлдөрдүн баяндамаларына жана сунуштарына, ошондой эле соода сүйлөшүүлөрүнүн учурдагы абалына жүргүзүлгөн талдоонун негизинде кабыл алган»,- деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>