АКШ Кыргызстандын жарандары үчүн виза алууга талаптарды күчөттү

Иммигарциялык эмес виза алууну же анын мөөнөтүн узартууну каалаган кыргызстандык жарандар үстүбүздөгү жылдын 7-августунан тарта консулдук кызматкер менен жеке маектешүүдөн өтүүгө милдеттүү. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.
Бул жаңы талаптар Кыргызстандан тышкары 57 мамлекеттин жарандарына тиешелүү. Алардын арасында Ооганстан, Иран, Куба, Нигерия, Сирия, Түркмөнстан, Йемен, Египет бар.
АКШ элчилигинин маалыматында, аталган өлкөлөрдөн келген дипломатиялык жана расмий визага тапшыруучу жарандар интервьюну пландаштыруу боюнча жаңыланган көрсөтмөлөрүн алуу үчүн кадимки дипломатиялык каналдарды колдонушу керек.
“Эгерде сиз бул өлкөлөрдүн биринин жараны болсоңуз, кайсы жерден тапшырганыңызга карабастан, сиз документтериңизди Интервьюдан бошотуу программасы аркылуу (Interview Waiver) документтерди тапшырбаңыз, сиз виза алуу үчүн жеке маектешүүгө жазылышыңыз керек”,- деп билдирди элчилик.