АКШ мигранттарга трак айдап иштөөгө уруксат берүүнү катаалдатты

30.09.2025 | 15:41

АКШда эми грин-картасы же үч түрдүү визасы бар мигранттар гана трак айдап иштей алышат. Бул тууралуу миграция боюнча юрист Манас Муратбеков өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирди.

Анын айтымында, АКШнын Федералдык автотранспорт башкармалыгы оор жүк ташуучу унаа айдаган мигранттарга тиешелүү шашылыш эреже чыгарып, аны күчүнө киргизди. Ага ылайык, эми туруктуу миграциялык макамы жок чет өлкөлүктөр CDL – коммерциялык айдоочулук күбөлүк алып, трак айдап иштей албайт.

“Жаңы эрежени киргизүүгө чет өлкөлүктөргө айдоочулук күбөлүк берүүдө көптөгөн мыйзам бузуу фактылары жана мигрант айдоочулар айдаган трактардын олуттуу жол кырсыктарына кабылышы себеп болгон”,- деп айтылат маалыматта.

Юристин айтымында, CDL алуу үчүн жөн гана EAD – иштөөгө уруксат кагазын көрсөтүү жетишсиз болот. Мигранттан АКШда мыйзамдуу жүргөнүн тастыктоо үчүн федералдык текшерүүдөн өтүү талап кылынат.

Scroll to Top