АКШда төрт адамдын өлүмүнө шектелип жаткан кыргызстандык 28,5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

23.03.2026 | 11:30

АКШда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу камалган кыргызстандык жаранга расмий айыптар тагылып, ал 28,5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

The Commercial Review басылмасынын маалыматында, ага бир нече беренелер боюнча айып тагылууда. Алардын арасында этиясыздыктан 4 адамды өлтүрүү боюнча беренелер бар. Мындан тыкшары ага ылдамдыкты жогорулатуу, унаалар ортосундагы коопсуз аралыгын сактабоо жана уруксат берилген иш убактысынан ашуу боюнча айыптар да тагылууда.

Эске салсак, ушул жылдын февралында АКШнын Иммиграция жана бажы кызматы (ICE) Индиана штатында төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу 30 жаштагы кыргызстандык жаранды камакка алганын билдирген. ICE кызматынын маалыматына ылайык, окуя 3-февралда саат 16:00 чамасында State Route 67 трассасында болгон. Б.Б. башкарган жүк ташуучу унаа алдындагы транспорттун артынан токтоого жетишпей, каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада ичинде 15 жүргүнчүсү бар кичи автобус менен кагылышып, төрт адам каза болгон, бир адам катуу жабыркаган.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жарандын биринчи соту бүгүн, 23-мартта, өтөт. Эгерде ал жогоруда тагылган айыптардын баары боюнча күнөөлүү деп табылса, ал эң көп 28 жарым жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Индиана штатынын компетенттүү органдары тарабынан Б.Б.га карата расмий айыптар тагылганын тастыктады. Мекеме азыркы учурда аталган жаран менен адвокат иштешип, тиешелүү чараларды көрүп жатканын билдирди.

Scroll to Top