АКШдагы университетте ок атылып, эки киши каза болду. Алардын бири өзбекстандык студент

15.12.2025 | 12:12

13-декабрда АКШнын Род-Айленд штатындагы Браун университетинде белгисиз адам студенттерге ок чыгарып, эки адам каза таап, тогузу жарадар болду. Бул тууралуу америкалык The Associated Press маалымат агенттиги жазды.

Каргашалуу окуя окуу жайда жыйынтыктоочу экзамендер өтүп жатканда болгон. Анда кара кийимчен куралчан адам Ivy League кампусуна кирип келип ок чыгарган. Ок көбүнчө студенттерге тийген.

Ок чыгарган адам университеттен качып кетүүгө үлгүргөн. Коопсуздук камераларынын видеосунда шектүүнүн имараттан чыгып баратканы көрүнгөн, бирок анын жүзү көрүнгөн эмес. Учурда ал изделип жатат. АКШ полициясы шектүү имаратка кантип кирип келгенин дагы изилдеп жатышат.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахрор Бурханов өзүнүн Телеграм-каналында октон каза болгонун студенттердин бири өзбек жараны болгонун билдирди.

“Кайгылуу атышуу окуясынын кесепетинен өзбекстандык студент МухаммадАзиз Умурзоков каза болгондугуна байланыштуу маркумдун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакындарына терен кайгыруу менен көңүл айтабыз”,- деп билдирди ал.

Ошондой эле ал Өзбекстандын АКШдагы өкүлчүлүктөрү бул боюнча иш алып барып жатканын билдирди.

Scroll to Top