Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 35 жаштагы аял бир тууган кайнисинин колунан бычакталып каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
«Окуя 18-апрелде Аксы районунун Кербен шаарында болгон. 30 жаштагы адам жеңесин бычак менен ич тарабына сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырланучу ооруканага жетпей каза болгон», — деп билдиришти милициядан.
Бул факты боюнча Жазык кодексинин 138-беренесинин (“Ден соолукка оор зыян келтирүү”) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Шектүү качып бараткан жерден кармалган. Тергөө иштери жүрүп жатат.