Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Аксынын Мундуз айылында дээрлик 96 млн сомго мектеп курулат
09.11.2022 | 15:03
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Мундуз айылына 225 орундуу мектептин курулушуна тендер жарыяланды. Бул боюнча Жалал-Абад облустук мамлекеттик башкаруу жана инженердик инфраструктура башкармалыгы курулуш департаментине арыз берген. Курулуштун көрсөтүлгөн баасы 95 млн 975 миң 940 сомду түзөт.
Тендерди ишке ашыруучу мекеме 2018-2021-жылдар аралыгында бирдей суммадагы экиден кем эмес келишимди ишке ашырган тажрыйбага ээ болушу керек. Ошондой эле курулушта колдонула турган атайын техниканын тизмесин тиркөө керек.
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү келишимге кол коюлган күндөн тартып 24 ай болуп эсептелинет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом