Садыр Жапаров ӨКМ башчысына катуу сөгүш жарыяладыКыргызстанда бардык аймактык аэропорттор калыбына келтирилди — андан ары эмне болот?УКМК кызматкеримин деп, 17 миң долларга алдаган: Бишкекте шектүү жаран кармалдыКыргызстан тоолуу өлкөлөр үчүн COP31де эл аралык программа сунуштадыПрезиденттикке талапкерлер: Садыр Жапаров кол тамгалардын саны боюнча лидерБактыбек Калмаматов президенттикке талапкерлигин коюу үчүн БШКга арыз берди
Аксынын Мундуз айылында дээрлик 96 млн сомго мектеп курулат
09.11.2022 | 15:03
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Мундуз айылына 225 орундуу мектептин курулушуна тендер жарыяланды. Бул боюнча Жалал-Абад облустук мамлекеттик башкаруу жана инженердик инфраструктура башкармалыгы курулуш департаментине арыз берген. Курулуштун көрсөтүлгөн баасы 95 млн 975 миң 940 сомду түзөт.
Тендерди ишке ашыруучу мекеме 2018-2021-жылдар аралыгында бирдей суммадагы экиден кем эмес келишимди ишке ашырган тажрыйбага ээ болушу керек. Ошондой эле курулушта колдонула турган атайын техниканын тизмесин тиркөө керек.
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү келишимге кол коюлган күндөн тартып 24 ай болуп эсептелинет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом