Акыйкатчы институту СИЗО-1деги кырдаалды текшерди   

Акыйкатчы институту СИЗО-1деги кырдаалды текшерди   

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Бишкектеги №1 СИЗОдогу абал тууралуу маалымат алгандан кийин дароо институттун кызматкерлерине бардык жагдайларды текшерип, камакка алынгандардын укуктарын коргоону камсыз кылууну тапшырды.

20-21-декабрда институттун кызматкерлери №1 СИЗОго барышып, мониторинг жүргүзүштү. Текшерүү учурунда кызматкерлер билдирүүсү социалдык тармактарга жарыяланган камактагы адам менен сүйлөшүштү. Кармалган адамдын денесинде зордук-зомбулуктун белгилери байкалган эмес, бирок бетинде көгала так болгон. Кармалган адам басып баратып тайгаланып кеткенин билдирген. Бирок 21-декабрда кармалган жаран ага карата физикалык күч колдонулганын айтып, укугун коргоону суранган.

Институт тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуу даярдап, аларды тыкыр текшерүүгө жана камакка алынган адамдардын укугу сакталышын камсыздоого чакырат.

Институттун кызматкерлери башка камакка алынгандар менен да баарлашты, алардын арасында Темирлан Султанбеков да бар. Ал адвокаттар менен жолуктурбай жатканына нааразы болду. Султанбеков менен бир камерада отурган кармалгандарды кароо учурунда зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес.

№1 СИЗОнун кызматкерлери 20-декабрда камераларда тыюу салынган буюмдарды аныктоо максатында тинтүү жүргүзүлгөнүн билдиришти. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева камакка алынгандардын арыздарын жеке көзөмөлүнө алды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>