Акылбек Жапаров Баткенге барды

24.02.2023 | 15:05

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жумушчу сапардын алкагында Акылбек Жапаров Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү орун алган каргашалуу окуялар учурунда талкаланган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышат.

Эске салсак, жалпысынан 418 үй жарактан чыккан, анын ичинде Баткен районунда – 317, Лейлек районунда – 100 жана Баткен шаарында 1 турак жай талкаланган.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын көчмө отурумуна катышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top