Ошто арматура менен сабалган жарандын машыгып жаткан видеосу

Ошто арматура менен сабалган жарандын машыгып жаткан видеосу

Ош шаарында 13-январга караган түнү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан арматура менен сабалган жаран ооруканадан чыккандан кийин спорттук машыгууларын баштады.

Аталган жаран машыгууларынын видеосун социалдык тармактагы баракчаларына чыгарган.

Эскерте кетсек, ал сабалгандан кийин Ош шаардык ооруканасында 20 күндөй дарыланган.

Мындан мурдараак Ош шаардык ооруканасынан Reporter.kg’ге билдиришкендей, аталган жаран 4-февраль күнү бейтапканадан чыгарылган. Анын абалы канааттандыралык экени жана дарыланууну амбулатордук түрдө улантары айтылган.

Ошол эле учурда, жабырлануучунун бутунан алган жаракаттары оор болгондуктан, ал бутуна туруп, өз алдынча баса элек.

13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлүп (бычактан жараат алып, каза болгон), дагы бирөө оор абалда ооруканага түшкөн. Ооруканага жаткырылган жаран арматура менен сабалып, айрыкча буттары жабыркаган. Милициядан билдиришкендей, маркум менен жабыркаган жаран жана аларга кол салгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушат.

Бул окуяга байланыштуу кылмышты уюштурууга шектүү катары Кадыр Досонов кармалган. Ошондой, эле Эламан Коргонбай уулуАкылбек Раимберди уулуКурсантбек Шакир уулу жана Нурбек Чубаков издөөгө алынып, кармалышкан. Бул иш боюнча шектүү катары издөөгө алынгандардын арасында Актилек Абдивали уулу да болгон. Ал милицияга өз ыктыяры менен келип, көрсөтмө берип, окуя болгон учурда башка жакта болгонун билдирген. Ал тилкат менен кое берилип, камакка алынган эмес. Ошол эле учурда милиция анын көрсөтмөсү текшерилерин билдиришкен.

Кийинчерээк шектүү катары Э. А. аттуу жаран кармалган.

Видео: Ошто кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлдү. Милиция эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>