Акылбек Жапаров: Бул жыл чоң өзгөрүүлөрдүн башталышы болот

Акылбек Жапаров: Бул жыл чоң өзгөрүүлөрдүн башталышы болот

Бул жыл чоң өзгөрүүлөрдүн башталышы болот. Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиянын жыйынында билдирди.

Жапаров мамлекет «илбирс секиригин» жасап, өнүгүүсү келип жатканын айтты.

«Бул жыл чоң өзгөрүүлөрдүн башталышы болот. Башкача айтканда, белгилүү Азия жолборстору деп аталган Чыгыш Азия өлкөлөрүндөй чоң ийгиликтерге жетебиз деп үмүттөнөбүз. Алардын ийгилиги «жолборс секирик» деп аталса, биз «илбирс секиригин» жасап, алдыга жылгыбыз келет. Бир белгилүү экономист айткандай, биринчи космостук ылдамдыктан экинчи космостук ылдамдыкка өтүү керек. Президентибиз Садыр Нургожоевич илбирсти өлкөбүздүн улуттук символу деп тааныган жарлык чыгаргандан кийин илбирстин секиригиндей ийгиликтерге жетишибиз керек», — деди ал.

Жапаров өлкөнүн азыркы экономикалык абалын жакшы деп баалоого болорун айтып, ага БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин «Кыргызстан мурда уктап жаткан сулуу болсо, азыр күлүк атты элестетет» деген сөзүн мисал катары келтирди.

Өкмөт башчынын айтымында, Кыргызстандын экономикалык өсүшү туруктуу өнүгүүнү көрсөтүп турат – 2023-жылы ИДПнын орточо өсүү темпи 7%ды түзсө, 2024-жылдын биринчи кварталында экономикалык өсүш темпи 8,8%га чейин болгон. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында экономиканын өсүшү 8,1%ды түздү, ал эми Кумтөр кенин эсепке албаганда 9,9%, ИДП 559 млрд сом болду..

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>