Бишкекте «Жеңиш 9/45» кыймылынын эгидасы астында «Кинопанорама» кинофоруму башталдыТрамп көпүрөлөрдү талкалайм деп коркутуп, Ирандан тезинен келишим түзүүнү талап кылдыКыргызстан малды шарп оорусунан коргоо үчүн Россиядан 4,5 миллион доза вакцина сатып алатБишкекте мечиттен телефон уурдоого шектелген жаран кармалдыБишкекте милиция кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалдыМарлен Маматалиев парламенттин төрагасынын алдындагы Бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештин ишин жандандырды
Акылбек Жапаров: Мен олигарх эмесмин
13.10.2021 | 16:18
Сиз өзүңүздү олигархтардын катарындамын деп эсептейсизби? Бул суроонуу Жогорку Кеңештин депутаты Кемелбек Акылбеков Министрлер Кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровго парламентте берди.
“Мен олигарх эмесмин. Бизнес менен алектенбейм. Бизнести келинчегим жүргүзөт. Бир да жолу мамлекеттик тендерлерге катышкан эмес. Конфет алып-келип сатчу. Аткезчилик көбөйгөндөн кийин ал бизнесин да токтотту. Азыр алма өстүрөт. 10 жылдын ичинде 1 млрд. 200 млн. сомдон ашык салык төлөдү” – деди Акылбек Жапаров.
Буга чейин Бишкек шаарындагы “Дамас” мейманканасы Акылбек Жапаровго таандык деген маалыматтар айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат