Акылбек Жапаров Москвага барды

Акылбек Жапаров Москвага барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын Москва шаарына расмий сапар менен барды. Бул тууралуу МинКабдан билдиришти.

Акылбек Жапаровду “Внуково 2” эл аралык аэропортунан Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.

Аэропортто Кыргызстандын жана Орусиянын желектери илинип, ардактуу кароол тизилди.

Өз ара саламдашуудан кийин эки мамлекеттин гимндери жаңырып, ардактуу кароол ротасы аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу марш менен өттү.

МинКаб төрагасы расмий сапарынын алкагында Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Орусиядагы Маданият күндөрүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.

Ошондой эле, расмий сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн биргелешкен жыйыны, эки тараптуу жолугушуулар жана кеңейтилген маданий программалар уюштурулат.

Расмий делегациянын курамында Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Кыргызстандын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик агенттиктердин директорлору бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>