Акын Сооронбай Жусуевге эстелик ташы орнотулду

Акын Сооронбай Жусуевге эстелик ташы орнотулду

Бүгүн, 12-майда Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо атындагы сейил багында Кыргыз Республикасынын эл акыны Сооронбай Жусуевдин эстелик ташы орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Эстелик таш Сооронбай Жусуевдин туулган күнүнүн 100 жылдык мааракесинин урматына орнотулууда.

Иш-чарага маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, ЖК депутаты Чолпон Султанбекова, Бишке шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев жана акындын жакындары, замандаштары, акын-жазуучулар, маданият ишмерлери, күйөрмандары катышты.

Иш чарада, министрдин орун басары Тимурлан Ажымалиев сөз сүйлөп, Сооронбай Жусуевдин журттун руханий байлыгына өлчөөсүз салым кошконун, терең философиялык ойлору менен кыргыз поэзиясынын көк тиреген чокусуна айланган улуу инсан экенин белгилеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>