Быйыл Элдик курултай 25-декабрда өтөтТаш-Көмүрдүн вице-мэри жана дагы бир жетекчи кармалдыСалык кызматкерлери Швейцариянын SICPA ишканасына барып, тажрыйба алыштыБишкектин жаңы башкы планы: ар райондун өз борбору болотЫсык-Көл облусунда 140 млн долларлык экотехнологиялык завод курулатМас айдоочунун жүргүнчүсү инспекторду сөккөн. Ал кармалды
Акыркы 3 айда Кыргызстан Казакстанга 8,8 млн даана жумуртка экспорттогон
23.04.2025 | 11:41
Үстүбүздөгү жылдын январь-март айында Кыргызстандан 8 млн 812 миң 800 даана жумурутка Казакстанга экспорттолгон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 8 млн 756 миң 200 даанага көп. Министрлик өлкө боюнча эң жогорку продуктивдүү тооктор Чүй облусунун чарбаларында өстүрүлөрүн билдирди.
Быйыл Кыргызстанга коңшулаш өлкөлөрдөн жумуртка импорттолгон эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика