Жаан, тоолордо кар жана катуу шамал: 6-октябрга карата аба ырайы«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилди
Мас айдоочунун жүргүнчүсү инспекторду сөккөн. Ал кармалды
27.10.2025 | 10:21
Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери мас абалда унаа айдап бараткан айдоочуну токтотушкан. Текшерүү учурунда унаадан анын жүргүнчүсү чыккан, ал да мас болгон. Жүргүнчү автоинспекторду сөгүп, өзүн агрессивдүү алып жүргөн.
Натыйжада 28 жаштагы С.А. Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, ага Укук бузуулар жөнүндө кодексинин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча протокол түзүлгөн. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Айдоочуга да мас абалда унаа айдаганы үчүн протокол түзүлүп, унаасы айып токтотуучу жайга токтотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар