Кыргызстанда акыркы жумада 1-июлдан 8-июлга чейин уй эти кымбаттап, кой менен жылкынын эти арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Алсак, уй эти 0,9%га кымбаттап, 512,94 сомдон 517,6 сомго чыкты.
Кой эти 3,5 сомго, жылкынын эти 1,2 сомго арзандады.
Белгилей кетсек, козу этинин баасынын арзандашы Жалал-Абад облусунда 20 сомго арзандаса, уй этинин кымбатташы Баткенде 20 сомго кымбаттаганы менен байланыштуу. Ал эми Бишкек шаарында 5,8 сомго кымбаттады.