Акыркы суткада Кыргызстанда дагы 89 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
COVID-19 U07.1 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча:
⚡️Бишкек — 14
⚡️Ош – 1
⚡️Чүй облусу – 9
⚡️Ош облусу — 13
⚡️Талас облусу — 4
⚡️Нарын облусу – 1
⚡️Ысык-Көл облусу – 18
⚡️Жалал-Абад облусу – 10
⚡️Баткен облусу — 19
Бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында вирусту жуктургандардын жалпы саны 44 миң 316га жетти.
Ал эми соңку суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок.