Акыркы жылдары өлкөдө курулуш тармагы 31%га өстү. Бирок айрым көйгөйлөр бар

06.08.2025 | 09:58

2024-жылы Кыргызстандын курулуш тармагы 31,1%га өскөн. Акыркы беш жыл ичинде бул тармакка 170 млрд сомдон ашык каражат бөлүнүп, анын эсебинен 967 социалдык объект бүткөрүлгөн. Бул маалыматтар 5-августта өткөн Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министрлигинин коллегиясында айтылды.

Өкмөт башчынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында өткөн отурумда негизинен 2021-2025-жылдар аралыгындагы өлкөнүн курулуш тармагындагы жетишкендиктери, ошону менен катар көйгөйлүү маселелери жана алардын чечүүнүн жолдору каралды.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, курулуш тармагынын үлүшү ички дүң продукцияда 8–8,3%га жетип, өлкөнүн жалпы экономикалык түзүмүндө төртүнчү орунду ээлеген.

Бирок министр Бакыт Төрөбаев бул тармактагы ийгиликтерге карабастан, чечилбей келе жаткан айрым системалуу көйгөйлөр бар экенин билдирген. Мындан улам ал министрликке бир катар тапшырмаларды берип, анын ичинде курулушка уруксат берүүчү документтерди берүүнүн мөөнөттөрүн кыскартууну жана бюрократиядан арылтууну, тармактагы көзөмөлдү күчөтүүнү жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну тапшырды.

Рубрики: Саясат
Scroll to Top