Акыйкатчы: Ата-энелер онкологиялык ооруга чалдыккан балдарын ооруканада дарылоодон баш тартууда

02.02.2026 | 11:43

Кыргызстанда ата-энелер онкологиялык оорусу бар балдарын медициналык мекемелерде дарылоодон баш тарткан учурлар көбөйүп жатат. Бул тууралуу онкологдор коңгуроо кагып жатышканын Акыйкатчы институту маалымдады.

Онкологдордун айтымында, ата-энелер медицинага болгон ишенимдин жоктугунан, каржылык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелишинен жана диний себептерден улам элдик дарыгерлерге же молдолорго кайрылып жатышат.

«Мисалы, лейкоз менен ооруган бала бизден дарыланып, абалы турукташып калгандан кийин, ата-энеси салттуу эмес дарылоо ыкмаларына өтүп кеткен. Бир жылдан кийин оору күчөп, бала каза болгон», — деп билдиришкен алар Акыйкатчы институтуна.

Институттун маалыматында, акыркы учурларда балдар арасындагы рак илдетинин саны өсүүдө. 2014-жылы жылына орто эсеп менен 70 баладан рак аныкталса, 2023-жылдан тарта бул көрсөткүч 200дөн ашкан. Көбүнчө курч лимфобласттык лейкоз, мээ шишиктери, нейробластома жана нефробластома диагноздору коюлат. 2025-жылдын август айынын аягына карата стационарларда 60ка жакын бала дарыланууда болгон.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева дарылоодон баш тартуу маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, бейтаптардын үй-бүлөлөрүнө социалдык жана психологиялык колдоо көрсөтүү зарыл экенин билдирген.

Scroll to Top