«Ала-Арча» улуттук паркы: кыргыз Йеллоустону тууралуу эмнелерди билүү керек

06.02.2026 | 13:35

2026-жылы Кыргызстандын эң кооз жерлеринин бири болгон «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш улуттук паркы 50 жылдык мааракесин белгилейт. Ушул датага карата парктын аймагында асма жол, жаңы мейманкана комплекстери, иретке келтирилген тротуарлар жана узундугу бир чакырымдан ашкан жыл бою иштей турган родельбан ачуу пландалууда. Бирок азыркы абалында да, Бишкектен болгону 40 чакырым алыстыкта, Тянь-Шань тоо системасына кирген Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында жайгашкан бул парк ар бир саякат сөзсүз бара турган жай болуп эсептелет.

Аймактагы алгачкы парк

1976-жылы негизделген «Ала-Арча» паркы совет мезгилинде эле Борбор Азия үчүн өзгөчө долбоор болгон. Кыргыз ССРи аймакта биринчи болуп 19 400 гектар аянтта туризм жана альпинизм үчүн эс алуу аймагын олуттуу илимий жана жаратылышты коргоо ишмердүүлүгү менен айкалыштырган. Долбоордун максаты — кооз табиятты элге жеткиликтүү кылуу менен бирге, сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр менен жаныбарларды сактап калуу жана көбөйтүү болгон. Көп өтпөй журналисттер менен изилдөөчүлөр улуттук парктарды түзүүгө мындай системалуу мамиле жасалганы үчүн «Ала-Арчаны» — «кыргыз Йеллоустону» деп атап алышкан. Бул жерде жанар тоолордун ордуна көптөгөн ак карлуу чокулар асман тиреп турат.

Бүгүнкү күндө заманбап «Ала-Арча» паркы — Кыргызстандын мамлекет башчыларынын чет элдик ардактуу коноктор менен жолугуша турган бирден-бир көрүнүксүү жайы. Ошондой эле, мамлекет башчысы Садыр Жапаров бул жерде үй-бүлөсү менен эс алып, ишембиликтерге катышып, сейилдеп жүргөн мекендештер менен тез-тез жолугуп турат.

Флора жана фауна: Бекем тартип жана эс алуу аймагы

Парктын аталышы эле көп нерседен кабар берет: «Ала-Арчанын» мааниси “түрдүү арча” дегенди билдирет. Көп жылдык, айрымдары узак жашоочу бул арчалар өзгөчө пейзаж түзүп, абаны дарылык фитонциддерге байытат. Парктын аймагында 600дөн ашык өсүмдүктүн түрү, 70ке жакын дарак жана бадал бар, алардын 50дөн ашыгы дарылык касиетке ээ. Маанилүү эреже: парктын аймагында кандай гана өсүмдүк болбосун терүүгө тыюу салынат.

Парк эки аймактан турат. Анын болгону 5% гана эркин кирүүгө ачык — бул Ала-Арча дарыясынын өрөөнү жана ага жакын жайлар. Калган 95 пайызы туристтер үчүн жабык болгон корук зонасы. Бул жерде 1500 метрден 4875 метрге чейинки бийиктиктерде (Семёнов-Тянь-Шань чокусу) биологдордун көзөмөлүндө илбирстер, арс чычкандар, аркарлар, сүлөөсүндөр, бүркүттөр, уларлар жана уламыштарда айтылган бакыт алып келет делген көк куш да жашайт дешет.

Инфраструктура жана логистика: Кантип барса болот?

Экосистеманы сактоо максатында паркка кирүү катуу тартипке салынган. Жеке унааларды кире бериштеги тосмо жайга калтыруу керек (50 сом/сутка). Андан ары жүрүү парктын экологиялык транспорту менен гана мүмкүн.

Бишкектен кантип жетсе болот:

  • такси — 800–1000 сом;
  • №265 маршруттук автобус («Ала-Арчанын» унаа токтоочу жайынан, Абдумомунов көчөсү);
  • №1 автобус — түз эле коруктун кире беришине чейин барат.
    Жол акысы: 50 сом накталай, карта менен 40 сом.

Кирүү билети:

Кире бериштеги терминал аркылуу алынат. Баасы:

  • чоңдорго — 200 сом;
  • 7–18 жаштагы балдарга — 150 сом;
  • 7 жашка чейинкилерге — акысыз.
    Маанилүү: билетти сактап коюу керек, ал парктын ичиндеги электробустарда акысыз жүрүүгө мүмкүндүк берет.

Ички каттам:

Кире бериштен электробустар асфальтталган жол менен «Альплагерь» деп аталган акыркы пунктка чейин каттайт (бийиктиги 2200 м). Жол 20–25 мүнөттү алат. Каалаган жерде түшүп же минип кетүүгө болот.

Альплагерь жана маршруттар

«Альплагерь» Бишкектен бир чакырымдан ашык бийикте жайгашкан парктын негизги инфраструктуралык борбору. Бул жерде мейманкана, улуттук жана европа ашканасы бар кафе (айрым учурда жергиликтүү дарыялардан кармалган форель да сунушталат) бар жана ушул жерден ондогон маршруттар башталат.

Эң популярдуу жана жеткиликтүү маршрут «Жаралуу жүрөк» аскасына (2380 м) көтөрүлүү. Мурда бул жерге жетүү татаалыраак болсо, азыр реконструкциянын алкагында жол жеңилдетилген: асфальт, андан соң бир аз топурак жол жана 2,5 кмден кийин көздөгөн жерге жетесиз. Жолдо фотозоналар, Ала-Арча дарыясынын үстүнөн көпүрө жана эс алуучу отургучтар бар.

«Жаралуу жүрөк» — ар кандай татаалдыктагы жүздөн ашык жөө маршруттарга кире бериш сыяктуу. Андан ары Ак-Сай шаркыратмасына (25 м), Адыгене бийик тоолуу көлүнө же Рацекке барууга болот.

«Жаралуу жүрөк»: геология жана уламыштар

Бул тең ортосунан жарака кеткен аска — парктын символу. Ал тууралуу бир нече уламыш айтылат.

Бир уламышта хан кызына ашык болгон жигит ушул жерде жазаланган деп айтылат. Качууга камынган жаштар максатына жетпей калып, хандын кулдары жигитти кармап, мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Муну уккан кыз аскага барып, сүйгөнү өлгөн жерде каза болгон. Айтылгандай, күнөөсүз төгүлгөн кан ташты экиге бөлгөн.

Экинчи уламышта жылкычы жана анын сүйүктүүсү жөнүндө айтылат, алар бул жерге жолугушууга келишкен. Алардын сүйүүсүнө эч ким тоскоол болгон эмес, бирок алардын үйлөнүү тою тагдырга жазылган эмес. Жаш жылкычы күн күркүрөгөндө коопсуз жай таба албай, ошол жерден каза болгон. Уламышка ылайык, анын сүйүктүүсү ашыгын жоктоо үчүн ушул ташка келген жана көп өтпөй анын кайгысына чыдай албай каза болгон. Кыздын көз жашы ушунчалык ачуу болгондуктан, ташты тешип өткөн. 

Бул жер жөнүндөгү дагы бир уламышта, адам кызын сүйүп калган тоо алпынын сынган жүрөгү менен байланыштырат. Сүйүүсү жоопсуз калганда ал жүрөгүн сууруп ыргытып жиберген, жүрөк ташка айланып экиге бөлүнгөн, алп өзү тоого айланган экен.

Бирок, практикалык жана мифтерден алыс альпинизм коомчулугу «Ала-Арчаны» таланттардын булагы деп эсептейт: чокуларга чыгуучу 150 альпинизм маршрутунун арасында Комсомол чокусу (4204 м) жана Мугалим чокусу (4530 м) сыяктуу белгилүү маршруттар бар. 

Жыйынтыктап айтканда, «Ала-Арча» — борборго жакын жайгашкан жөн гана парк эмес. Бул жарым кылымдан бери ийгиликтүү улантылып келе жаткан жаратылыштык эксперимент жана Тянь-Шандын кубатын, сулуулугун таанытуучу эң мыкты жай. Барууну пландаганда бир күндү толук арноо, накталай сом, ыңгайлуу бут кийим жана жылуу кийим алуу сунушталат — тоодо аба ырайы бат өзгөрөт.

Елена Короткова

Scroll to Top