Кыргызстан менен Беларусь нелегалдарды кайтаруу боюнча макулдаштыКыргызстандын ТИМи Ирандагы элчилигинин ишин убактылуу токтоттуУКМК: Токмокто уюшкан кылмыштуу топко таандык курал-жарактар сакталган жай табылды31-март: Өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаайт«Баатыр эне» энелеринин балдарына окуу боюнча жеңилдиктер. ЖК комитети мыйзам долбоорун жактырды«Кыргызстанга жыл бою иштөөчү туризм керек». Сергей Глуховеров — сезон, жаңы каттамдар жана тармактын келечеги тууралуу
«Ала-Арча» жаратылыш паркында асма жолдун курулушу аяктады
10.02.2026 | 16:56

«Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында асма жолдун курулуш иштери аяктады. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгы маалымдады. Объектинин капсуласы бир жыл мурун салынган.
Асма жолдун узундугу бир чакырымды түзөт. Ал жалпы 16 кабина менен жабдылган. Анын ичинен 14 кабина 10 кишиге ылайыкталган, ал эми эки кабина төрт орундуу VIP-категориясына кирет. Курулуш иштерин австриялык Doppelmayr компаниясы ишке ашырды.
Учурда объектилерде техникалык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул долбоордун биринчи этабы болуп саналат. Кийинки этапта 23 чакырымдык асма жол жана родельбан куруу пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом