Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
«Ала-Арча» жаратылыш паркында асма жолдун курулушу аяктады
10.02.2026 | 16:56

«Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында асма жолдун курулуш иштери аяктады. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгы маалымдады. Объектинин капсуласы бир жыл мурун салынган.
Асма жолдун узундугу бир чакырымды түзөт. Ал жалпы 16 кабина менен жабдылган. Анын ичинен 14 кабина 10 кишиге ылайыкталган, ал эми эки кабина төрт орундуу VIP-категориясына кирет. Курулуш иштерин австриялык Doppelmayr компаниясы ишке ашырды.
Учурда объектилерде техникалык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул долбоордун биринчи этабы болуп саналат. Кийинки этапта 23 чакырымдык асма жол жана родельбан куруу пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом