«Bulgari» зергер үйүнүн чеберлери 50 кыргызстандыкты зер буюмдарынын дизайнына окутатЧуңкурчакта жапайы түлкүгө ок атышкан. Милиция 4 эркек кишини аныктадыСаламаттык сактоо министрлиги жана ДСУ Кыргызстандын алыскы аймактарында санариптик медицинаны кеңейтүүнү макулдашты«Кыргызнефтегаздагы» коррупция: Шайырбек Ташиев 16-майга чейин тергөө абагына киргизилди3-апрелге карата аба ырайыЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдашты
«Ала-Арчада» бутун кокустатып алган жаран куткарылды
07.08.2025 | 11:20

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында бутун кокустатып алып, өз алдынча түшө албай калган жаранга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
Маалыматка ылайык, окуя 2025-жылдын 6-августунда болгон. Эс алууга чыккан 30 жаштагы эркек киши тоодо жүрүп жатып бутун кокустатып, ылдый түшө албай калган.
Окуя болгон жерге ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун «Ала-Арча» паркында нөөмөттө турган 5 куткаруучу тартылган. Алар жабыркаган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, аны коопсуз түрдө тоодон түшүрүп, туугандарына өткөрүп беришкен.
ӨКМдин маалыматына ылайык, жарандын абалы туруктуу.
Рубрики: Жаңылыктар