Ала-Бука, Базар-Коргон жана Москва райондорунун акимдери алмашты. Президент жарлыктарга кол койду

31.03.2026 | 14:49

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын үч районунун акимдерин кызматтан алып, ордуна жаңыларын дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 31-мартта, билдирди.

Мамлекет башчысынын чечими менен төмөнкүдөй кадрдык өзгөрүүлөр болду:

Москва району:
Ниязбек Козуев Чүй облусунун Москва районунун акими кызматынан бошотулду. Аталган кызматка Илияз Ташбаев дайындалды.

Ала-Бука району:
Руслан Айтбаев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими кызматынан бошотулуп, анын ордуна Темирболот Абыкеев дайындалды.

Базар-Коргон району:
Талантбек Эдилов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими кызматынан бошотулду. Бул орунга Алтынбек Бектуров дайындалды.

Scroll to Top