Ала-Букада этникалык кыргызга 28 жылдан бери жарандык бербей келген

Ала-Букада этникалык кыргызга 28 жылдан бери жарандык бербей келген

Ала-Бука районунда жашаган этникалык кыргыздар жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жарандык ала алышпай келишкен. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыйкатчынын Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнө Ала-Бука районунда жашап жаткан кыргыздар арыз менен кайрылышкан. Алардын бири С.К. 2008-жылдан бери Ала-Бука районунда жашайт, 2010-жылы Кыргыз жаранына үйлөнгөн, алардын төрт баласы бар.

Ал эми Өзбекстандан көчүп келген Ю.Р. 1993-жылы Кыргыз жаранына турмушка чыккан. Ал 28 жылдын ичинде 12 жолу жарандык алуу үчүн документ өткөргөн, бирок анын баары натыйжасыз болгон.

Айыл аймагынан алынган маалыматка ылайык жогоруда аталган үй-бүлөлөр жакыр үй-бүлөлөрдүн тизмесинде турат жана алардын жарандыгы жок болгондуктан социалдык төлөмдөр берилбейт.

“Акыйкатчынын облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жогоруда аталган адамдардын кайрылууларын карап чыгышкан, белгилүү болгондой, жарандыгы жоктугунун айынан алар бир топ социалдык төлөмдөрдөн жана жеңилдиктерден (пенсия, жөлөк пул, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, медициналык тейлөө ж.б) куру калышат”, — деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчынын өкүлдөрүнүн айтымында, мунун баары Ала-Бука райондук жарандык актыларды каттоо, паспорттоштуруу жана калкты эсепке алуу бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлеринин өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаганынан улам келип чыгууда. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жеринде Ала-Бука райондук калкты паспорттоштуруу бөлүмүнүн башчысы Т.Сулайманов менен жолугушуп, ага арыз ээлери жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жарандык алууга укуктуу экени жана буга ченемдик-укуктук актылар жол берээрин түшүндүрүшкөн. Ошондон кийин гана арыз ээлери С.К жана Ю.Р. документтери кабыл алынып, Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаментине жолдонгон.

Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаментинин директорунун орун басары Б.Конушбаев 2021-жылдын 15-апрелинде Ю.Р.дин документтерин, ал эми 28-апрелде С.К.нын документтери департамент тарабынан  Кыргыз Республикасынын компетенттүү органына макулдашуу үчүн жөнөтүлгөнүн маалымдаган.

Директордун орун басары өз жообунда, “Этникалык кыргыздарга жарандык алууда КР аймагында жашап туруунун мөөнөтү жөнүндө шарттар коюлбайт; башка мамлекеттин жарандыгынан алдын ала чыгуусуз эле КР жарандыгын кабыл алуу жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү кайрылуусунда мурдагы жарандыгынан баш тартуу жөнүндө жеке арызынын негизинде жүргүзүлөөрү, ошондой эле мамлекеттик алым төлөнбөй турганы” маалымдалган.

Ошондой эле жооптук катта “Ала-Бука райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлерине өз милдеттерин мыйзам чегинде так жана туура аткаруу боюнча эскертүү берилгени” маалымдалган.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>