КТРКнын карамагындагы “Ала-Тоо 24” каналынын кызматкерлери белгисиз мөөнөткө иш ташташты. Бул тууралуу биздин сайтка аталган каналдын кызматкери Нуркыз Абдрахманова билдирди.
Маалыматка ылайык, алар бул кадамга соңку башамаландыктан улам барышкан. Буга чейин журналисттер телеберүүгө “Бир Бол” партиясынын тарапташтары жетекчилик кылуу аракетин көздөп жатышканын айтып чыккан болчу. Тагыраагы, мурдагы диктор Чынар Капарованын «Ала-Тоо 24кө» продюсер болуп дайындалганы кабарланган.