Алайда 69,3 млн сомго спорткомплекс курулат

09.12.2024 | 18:06

Ош облусунун Алай районундагы Арпа-Тектир айылына спорткомплекс курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Тендерди облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган. Спорткомплексти курууга 69 млн сомдон ашык акча каралган.

Сынак боюнча арыздар 23-декабрьга чейин кабыл алынат.

Scroll to Top