Аламүдүндө айыл башчы 350 миң сом пара менен кармалды — видео

Аламүдүндө айыл башчы 350 миң сом пара менен кармалды — видео

Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы 350 миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирет. 

Маалым болгондой, шектүү ишкерден  кум-шагыл карьери боюнча ижара келишимин бузбоо үчүн 400 миң сом талап кылган. Ал 30-январда пара алып жаткан учурда колго түшүп, соттун чечими менен №1 абакка киргизилген.

Учурда бул факты боюнча Жазык-кодексинин  326-беренеси (“Пара талап кылуу”) менен сотко чейинки тергөө иши башталган.


Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>