Ысык-Көлдө Куршавель үлгүсүндөгү лыжа базалары курулат

Ысык-Көлдө Куршавель үлгүсүндөгү лыжа базалары курулат

Кыргызстанга Франциянын үлгүсүндөгү лыжа базалары курулат. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун франциялык S3V (Société de Trois Vallees) компаниясынын башкы директору Паскаль де Тьерсан менен жолугушуусунда маалым болду.

База Ысык-Көл облусундагы үч тоо чокусун камтыйт: Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук. Планга ылайык, бул жерлерде жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассалары курулат.

Долбоор ишке ашкандан кийин 4,8 миң жумушчу орун түзүлөт деп күтүлүүдө. Салык төлөмдөрүнүн көлөмү 146 млн еврону түзөт. Аталган курорттор жылына 10 ай иштеп, аларга 850 миңге чейин турист келе алат.
Кластерди куруунун биринчи этабынын алкагында 60 км лыжа трассасы жана алты асма жол курулат.
Пландаштырылган иштер 2026-жылдын аягына чейин аяктайт жана 165 млн евро инвестиция тартууну талап кылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ысык-Көл

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>