АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Такси айдоочуларына майрам күндөрү жол кире акысын көтөрбөө эскертилди
01.05.2024 | 11:00
Бишкек-Ош, Бишкек-Балыкчы, Бишкек-Талас жана башка аймактарга каттаган такси айдоочуларына майрам күндөрү жол кире акыларын өз алдынча көтөрбөө эскертилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Эс алуу күндөрү шаардан айылдарга каттаган жүргүнчүлөр көп болот. Айдоочуларга ага карабай жол кире баасын туруктуу кармоо зарылдыгы айтылды.
Эгерде жүргүнчүлөр көп болуп маршруттук унаалар жетишпесе, анда кошумча транспорт каттамга киргизилет.
“Азыркы учурда Автобекетте унаалар жетиштүү жана баары көзөмөлдө”, – дейт Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом