Аламүдүн базарында Бишкектеги экинчи ротордук унаа токтотуучу жай ачылды

17.10.2025 | 15:20

Бишкек шаарында дагы бир заманбап ротордук унаа токтотмо иштей баштады. Ал Аламүдүн базарынын аймагында жайгашкан. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады.

Бул — борбордо орнотулган ушундай типтеги экинчи автоматташтырылган токтотмо системасы.

Жаңы конструкция 10 унаага эсептелген жана шаардагы чектелүү мейкиндикти натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Токтотмонун акысын QR код аркылуу төлөөгө болот, андан кийин айдоочу төлөмдүн текшерүү кагазын операторго көрсөтүп, аймактан чыга алат.

Мэриянын маалыматына караганда, жаңы ротордук токтотмонун ишке кириши — борбордун борбордук бөлүгүндө унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги маселесин чечүүгө багытталган кезектеги кадам.

Система шаардыктар үчүн унаа токтотууну ыңгайлуу, коопсуз жана технологиялык жактан өнүккөн кылат.

Scroll to Top