Жээнбек Кулубаев менен Монголиянын элчиси өнөр жай долбоорлорун талкуулаштыБишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутат
Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 28 жаштагы кыздын сөөгү табылды
01.10.2025 | 15:41

Чүйдүн Кой-Таш айылында Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 28 жаштагы кыздын сөөгү бүгүн, 1-октябрда, табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-сентябрда милиция бөлүмүнө 28 жаштагы К.А. Аламүдүн дарыясынын жээгинде чайынып жаткан учурда тайып кетип, сууга агып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Суу кызды агызып кеткен. Ал эми жанындагылар ага жардам көрсөтүүгө аракет кылышкан, бирок натыйжа чыккан эмес.
Кызды 3 күн бою издешкен. Жыйынтыгында бүгүн болжол менен саат 13:10дө Кой-Таш айылында Аламүдүн дарыясынан куткаруучулары жана милиция кызматкерлери тарабынан кыздын сөөгү табылган.
Эске салсак, буга чейин ӨКМ Аламүдун суусуна аял түшүп кетип, аны издөө иштери жүрүп жатканын билдирген эле.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар