Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалды
Алайда милиция кызматкерлери менен чырдашкан кытай жарандары кармалды
02.09.2025 | 15:24

Алай районунун Нура айылындагы «Эркеч-Там» автоунаа токтотуучу жайында милиция кызматкерлери менен чырдашкан Кытайдын үч жараны убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош облустук ИИББ кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 31-августта болгон. ИИМдин күзөт кызматынын өкүлдөрү менен чет элдик жарандардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, чырдын жүрүшүндө күзөт кызматкери асманга үч жолу ок чыгарган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда экспертизалар дайындалып, ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.