Алдамчылыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Алдамчылыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Чүй облусунун тургунунун автоунаасын тартып алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, өздөрүн Аман жана Эсен аттуу адамдар өткөн жылдын август айында «жер тилкесин алып беребиз” деп Сокулук районунун тургунунун «Toyota Harrier» үлгүсүндөгү автоунаасын алып, качып кетишкен.

Бул кылмышка шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо турган 35 жаштагы Аламүдүн районунун эки тургуну кармалган.

Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>